Башкы ›› Эл катоо ЕГОВАГА бардык шайтаани диндер менен элдерден акыркы эл каттоо ›› бет 1
[1]

ЭЛ КАТТОО ЕГОВАГА


БАРДЫК ШАЙТААНИ ДИНДЕР
МЕНЕН ЭЛДЕРДЕН АКЫРКЫ ЭЛ КАТТОО (ЖҮРҮП ЖАТАТ)1)

Гөрпенделер, бардык элдердин, улут-уруктардын жана диндердин гөрпенделери! Өмүрүңөрдө (бала болуп, башыңарга жүн чыгып) эч качан укпаган бул Кабарга кулак салгыла!

Ар бир элде же ар кандай динде бар, илгертен келаткан (алдын ала айтылган) мындай сөз бар, акыр заманда (же Лаодикия мезгилинде) бүт Жер Жүзүн кара (туман) басат жана бардык падышалардын кабагына кар (түн) түшөт, элдерден2) жана улут-уруктардан ырк кетет же тагыраак айтканда: Бүткүлдүйнөлүк Кыйын Кезең жүрөт, же дагы тагыраак айтканда: Жер менен (сууда) деңиздерде3) жашаган адамдардын бардыгынын башына кайгылуу күн түшөт. Мына ошол убакта Ыйык-Шайык Пайгамбарлардын КУДАЙЫ ӨЗ Кабарчысы аркылуу дүйнөнүн бүт калайык Калкына ар бир туура ойлогон адамга беш колдой түшүнүктүү болгон Өзүнүн бир Жаңы Акыйкатын4) жарыя кылат. Ошондон кийин дүйнө элдеринин ичинен көп адамдар өздөрүнүн бөлөк-салак же бир-бирине ыркы келишпеген тозооку-душман диндерин ташташат да бир туугандардай кучак жайып учурашышып жана өбүшүп, Ыйык-Шайык пайгамбарлардын КУДАЙынын бир динине5), Муса (Моисей) пайгамбардан берки Анын АТЫ NameofGod6) - ЕГОВАНЫН бирдиктүү бир динине бириге башташат, - деген сөз бар.

Ал эми Асмандан Түшкөн Китептеги7) жазылгандарды (буйруктарды) аткарган адамдар бул Алдын ала айтылгандардан тышкары дагы минтип айтышат: ошондон кийин, Ким, Жалпыадамзаты Динине8) кошулса, ЕГОВА ал адамды Өзүмүн досум9) деп эсептейт, Енох, Илия жана 144000 Жаңыосуяты Еврейлер10) сыяктуу аны да өлбөс өмүрлүү кылат жана ӨЗҮ менен Кошо ӨЗҮнүн падыша Тагына отургузат. Асмандан Түшкөн Китеп. 3-21.

Мына азыр баарыбыздын көзүбүз көрүп турат, ошол Кыйын Кезең эбак башталды, бардык адамдарды Бирдиктүү Бир динге үндөгөн, окту эритип (тозооку-согуш куралдарын) орок-балка11) жасоого чакырган жана жер жүзүндөгү бардык адамзаты үчүн төөнүн үстүндө торгой жумурткалаган бейкут, тынч, эркин жана КУДАЙдын жаңы осуяты закону12) боюнча жашаган, Кудайчыл - бир туугандык сүйүүгө негизделген 1000 жылдык заманды13) орнотууга чакырган - КУДАЙдын Кабарчысы келди, ошондуктан, ар бир аял, эркек КУДАЙдын Бүткүлдүйнөлүк Ажайыпкабарчысынын төмөндөгү сөздөрүн айрыкча улуу (терең) көңүл койуп угушат деп шексиз ишенебиз: «КУДАЙ жарыя кылды ӨЗҮнүн Асмандан Түшкөн Китеби, Исайи, Апостол Павел аркылуу жана ошондой эле пайгамбарлар: Мухаммед, Конфуций, Заратуштра, Далайлама14) аркылуу да, адамзаты өлө адашып (бүт падышалар, элдер, улут-уруктар)15) ач белде, ара жолдо (же капкараңгы түндө)16) турат, а мунун түп мааниси мындай: бардык тозооку атаандаш же бири-бирине душман болгон, мейли, биркудайлуу 666 христиан дини болобу, 10 иудей 6 ислам дини болобу, - баары Шайтандыкы, ЕГОВАНЫКЫ эмес, булардын баарын Шайтан (Сатана) ойлоп чыгарган, анда, КУДАЙдын бул сөздөрүнө17) адамдарды ишендирбей, бузуп, аркандай элдин дини Акыйкат дин18) деп айткан Шайтандын (Сатана) сөздөрүнө адамдарды ишендирген ким өзү?»

Эмесе, ким ЕГОВАНЫН: азыркы диндердин баары Шайтандын (Сатана) гана ичинен ойлоп чыгарганы деген сөздөрүнө чын жүрөктөн ишенсе, ал киши, бир бейкас (жашыруун) жер тап, (же кепеңе кирип, эшигиңди бекем жап)19), анан асманга карап, чөгөлөп-тизелеп жыгыл дагы; үнүңдү ачык-бекем чыгарып, минтип айт: «Асман менен Жерди жасаган-жараткан КУДАЙ!.. Мен СЕНИН бул сөздөрүңө толук ишендим. Эми мен Асмандагы Атам катары СЕНДЕН суранам, мага таап бер, мен өз көзүм менен окуп чыгайын, сенин бул Улуу Кабарчыңдын ажайып Жакшы Кабарын!»20) Аминъ. Анан ушул сөздөрдү намаз кылып, улам кайталап жыгыла бер, КУДАЙ сени угуп, каалаганыңды сөзсүз аткарат.

Ким, КУДАЙдын бул сөздөрүнө ишенбей, башка бирөөгө минтип айтса: «Туура эмес, падышалардын, элдердин ичинен адашпагандары бар, мисалы, биздин динибиз чын акыйкаттын дини» - мындай ЕГОВАГА акаарат кылган адам21) тырбалаңдап көрүңдү каза бер.

Ей бул чындык! Аминъ!

КУДАЙ ЕГОВА бүткүлдүйнөгө жиберген Шамчырак Nameoftheprophet Илия. 22)


  • 1 Мат. 25-10; Лук.17-34, 37; Рим. 11-25; Асмандан Түшкөн Китеп. (Книга с Неба) 6-11; 13-8,9; 16-15; 17-14. Бул китепти Ыйык-Шайык пайгамбарлардын Кудайы Өзүнүн Периштеси менен Жерге жиберген, грек тилинде «Апокалипсис» деп аталат.
  • 2 Азап күн падышалардын башына да түшөт.
  • 3 Ис. 60-2; Асмандан Түшкөн Китеп. 16-10; 12-12; 3-10; 2-21...23.
  • 4 же Акыйкаттын Нуру.
  • 5 Бу сөздөр: Еф. 4-13; Ис. 56-3...7. Зах. 14-16...21; Мал. 1-11; Мар. 11-7; Асмандан Түшкөн Китеп. 11-2; 15-2...4. - бул көрсөтүлгөн китептердеги сөздөр менен киндиктеш.
  • 6 2 М. 6-1...3; 15-3.орус тилинде - Господъ, грекче - Исус, латынча - Доминусъ, немис тилинде - Герръ, французча - Этернелъ, англис тилинде - Лордъ, Черемис тилинде - Керемет, Зырян тилинде - Енъ, түрк тилинде - Аллах.
  • 7 Асмандан Түшкөн Китеп. 22-7; 1-3.
  • 8 Же болбосо, Жалпыадамзаты динине.
  • 9 Лук. 12-4. Иоан. 15-15. Як. 2-23.
  • 10 Асмандан Түшкөн Китеп. 14-1...4; 7-4...8.
  • 11 Жер иштеткен куралдарга.
  • 12 Иоан. 13-34, 35; Деян. 2-44-45; 4-32...37; 9-1,11. Асмандан Түшкөн Китеп. 2-2...4; Иоан. 15-12,15; 1 Иоан. 3-10, 15, 16; 2-8, 11; 1Кор.13-1...8; Мат. 5-22; Лук.14-33; (Гал.5-14).
  • 13 Ис.2-4; 11-6...9; 65-25; Мих.4-3. Асмандан Түшкөн Китеп.20-2...10.
  • 14 Еврейлер Далайламаны - Мельхиседек деп аташат. ПС. 109(110)-4; Евр.7-3.
  • 15 Б.а. өлүк дүйнө же Шайтании дүйнө.
  • 16 Ал эми иудейлерди Шайтандын ордосу же Андан баш тартып, болбогон эл деп атайт. Асмандан Түшкөн Китеп. 2-9; 3-9; Ис.59-13; 1-2-4; Иез.2-3; Соф.1-6.
  • 17 Ким болмок эле, баягы түбөлүгү түз эмесин (Израилге) кылганы да. 1Пар 21-1; Лук.4-6,7; 2Кор.4-4; Асмандан Түшкөн Китеп.13-8; 2-13.
  • 18 А иудейлер болсо, Өз Кудайын билишет, Андан эч кайда калышкан (качышкан) жок.
  • 19 Мат.6-6,7.
  • 20 Эгер көркат (сабатсыз) болсоң, «угуз мага» деп айт.
  • 21 Асмандан Түшкөн Китеп. 16-11; 13-6.
  • 22 Ис.41-25,26. 42-6...1. Мал. 4-5,6.

1| 2| 3