Башкы ›› Эл катоо ЕГОВАГА бардык шайтаани диндер менен элдерден акыркы эл каттоо ›› бет 3
[3]

1870 ЖЫЛДЫН ЖҮРҮШҮНДӨГҮ КУДАЙДЫН
ТАБЫШМАГЫ, АЗЫР ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК

Ак жүрөк окурман!
ЕГОВАНЫН ушул Коллурийи (көрүп туруп көрбөгөн дартка дабаа дары) менен көздөрүңү жуу, анан көрөсүң, кандай (кайсыл) христиан (православный) дининде отурат, бул жексур катын, жети баштуу желмогуз минип, алтын менен капталган, акак таш, бермет менен бапталган кымкап падыша чепкен кийип, колуна алтын кесе кармап (алтын аякта толтура арам суу), а пешенесинде: «Тайна» (Жашыруун сыр) деген аты жазылган; Улуу Вавилон, Жер жүзүн баскан (көмгөн) ыплас менен араамичиликтин энеси.

Көрбөйсүңбү, бул жексур Ыйык-Шайыктардын1) канын суудай ичип алып, ылжып мас, анан жүрөгүндө: «Жети баштуу желмогузда менин отурганым отурган, анан мен түбөлүккө падыша болбосом, ким болмок эле, өмүрү жесир калбайм, өлүмү тактан тайбайм» - өзү жөнүндө ушинтип ойлойт2).

Эмесе, ким, бул жети баштуу, жети этаждуу жалапкананын попторунан жоп боло элек, жок боло элек болсоң, мушка-пушкаларынын заңгыраганынан, канкорлордун (алдамчылар) менен алкаштардын жанын жаннатка (бейишке) зор салтанат менен сабалап-кубалап киргизген жоон аваз, ширин аваздуу катавасияларынан кулагың тунуп дүлөй боло элек болсоң, анык көрөсүң, азыр ЕГОВА өзүнүн Асмандан Түшкөн Китебиндеги жазып көрсөткөн портрет - 666 тозооку оңславный, солславный, козголоңдуу диндердин (секталардын) энеси - Христиан дининин портрети экендигин, анык көрөсүң да билесиң.

А билгенден кийин, ошол каргыш урган канкор катын христиандык Езабелъ, өзүңдүн энең экендигин жана ал бүт балдары менен кайнаган от орого түшөрүн; жүрөгүң титирейт төбө чачың тик турат, анан аны менен болгон мамилеңди кой, тап-такыр үз да, анын ыйык жазууларын бүт өрттө, китептерин (талмуддарын) бүт өрттө жана эрежелерин (уставы) бүт өрттө да ЕГОВАНЫН Пайгамбарларга бир тууган жана Периштелергежолдош Коомуна (Братство) өт, энең (Эзавел) мындай кылганың үчүн кашык каныңды соруп алса да коркпо андан.

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНА ЖАРЫЯ
Эй!
Эй! blank Эй!
Эй!

«Шаа Мүйүз Козу (Агнчий) тоюна келгендердин пешенеси жарык, ыкыбалы бийик!3)

Бул Кудайдын төл сөздөрү, а меники эмес!..

Асмандан Түшкөн Китеп. 19-7-9.

Кана эмесе, таштагыла бардык диндерди, алтын менен чиндерди, дүр-дүнүйөнү, туушкан-буушкандарды, ата-журт, жото журттарды, тезирээк келе баштагыла, ушул Ажайып (түбөлүк) Тойго кире баштагыла;

Жакында чакырылган меймандардын чектелүү санын каттоо бүтөт, эшиктер жабылат, анан төбөңдө шаадай мүйүзүң бар болсо дагы (падыша болсоң дагы) чириген бай же ыйык-шайык жана асмандан айды алган акылман-сыйкырчы болсоң дагы баары бир, а кишиге өлбөсөмүрдүн эшиги жабык, ачылбайт.

Анын үстүнө түпсүз туңгуйуктан бир азрейил (адамжегич желмогуз) чыгат да эч кимди ылгабай жалпы баарын жеп-жута баштайт-ов.

Ей, бул чыңырган чындык!

Аминъ. Мат. 25-10...12; Лук. 13-25. Рим. 11-25.

Асмандан Түшкөн Китеп. 6-11; 11-7.

ЕГОВАНЫН улуу Баатыры Nameoftheprophet Илия.

  • 1 Тарыхта белгилүү, бул жексур, бир Күндүн ичинде 100 000 иконго (тактага же доскага) сыйынбагандардын башын алган жана Псков менен Новгород шаарында миллиондогон «Такырбаштарды» (стригольники) жеткен мыкаачылык менен (эки бутунан эки азоо аттын куйругуна байлап туруп, айрып) өлтүргөн, ал эми ЕГОВАНЫН канча Ыйык-Шайыктарын кордоп-кыйнаганына эсеп жетпейт
  • 2 Токсон тозоктун да алы жетпейт.
  • 3 Б.А. ЧАМГАРАК ЖЫГАЧКА МАТАЛЫП, КОЛУ-БУТУНАН МЫК МЕНЕН КАДАЛЫП ӨЛГӨН ЕГОВАНЫН ТҮБӨЛҮК САЛТАНАТТУУ МАЙРАМЫНА.

1| 2| 3