Башкы ›› Жарыя ›› бет 1

ЖАРЫЯ


Чыгыш менен Батыштын
теософия коомдоруна1) жарыя


Ассалоом алейкум!
Бүт дүйнөлүк Чиркөөнү уюштурган кудай момундары!2)


Ааламдын Түркүгү өлбөс-Житпес Адам ЕГОВА - Ыйык Пайгамбарлардын КУДАЙЫ3), Моисей, Илия, Валамм, Будда, Мухаммеддин КУДАЙЫ, менин КУДАЙЫМ, Сенин КУДАЙЫҢ4) - адам баласына чексиз боору ооруп, муну айтканга сөз жетпейт, ушуну билдир деп, жер бетине чилдей таркаган, баскан жолунан адашкан Израилдин эки уругун5) жолго сал, акыл-динге келтир, Шайтандан ажыратып алгын деп жана бул өз атасын тааныбаган иттерге мени тааныт, аларды гейдеңдер6) менен бириктирип, Жаңыосуят-Израил же Жалпыадамзат динине кош, бардык адамдарды, адам аттуунун баарын, Ерусалимдеги Жаңы Сион тоосунда бир миң (1000) жылга курула турган МЕНИН жалпы сыйынуу үйүмө чакыр, үндө деп мага буюрду.

АНЫН бул тапшырмасын, буйругун аткарууда, АНЫН бул бүтадамзатка тийешелүү жакшы кабарын силерге, АНЫН Бүткүлдүйнөлүк-Биртуугандык Коомун уюштурган ак жүрөктөргө жана АДАМ-КУДАЙЫНЫН акыйкаты7) жер шарынын кай жеринен кантип, кандай жолдор менен билингенин, көрүнгөнүн көрүп, билип, шыктанган, изилдеген азаматтарга сөзсүз билдирүү мага парз, силер, бул китепти улуу кубаныч8) менен, эч нерсеге карабастан, эч нерседен аянбастан, мүмкүн болушунча ыкчам-тезирээк, бардык тилдерге которгула, оодаргыда, жана Оң менен Солго, айрыкча Батыш менен Чыгышка еврейлерге тараткыла.

ЖАЛПЫ МУСУЛМАНДАРГА ЖАРЫЯ

Ыйык-Шайык Ысмайылдын (Измаил) атактуу тукумдары жана дин мусулман эли! Бул керемет китепти улуу сый-урмат менен окугула: Себеп, ЕГОВАНЫН Улуу Элчиси Мухаммед пайгамбар «түндүк жактан келет, түндүк жактан күткүлө» деп силерге айтып калтырып кеткен осуят, бүткүл адам уругуна ава-суудай керектүү Акыйкат ушул эмеспи.

АМИНЬ.
Элдерге жарык нур болом жана иудейлерди эсине келтирем.

Nameoftheprophet

  • 1 Же мындай: Дүйнө элдеринин ичиндеги ЕГОВАНЫН айткан-ачкан дегендерин чогулткан, изилдеген коом. ИС. 65-1; 55-5; РИМ. 10-20.
  • 2 Же мындай: Жаны да бир, жүрөгү да бир адамдардын Бүткүл дүйнөлүк Биртуугандык Коому. ДЕЯН. 4-32.
  • 3 К.С. (Книга с Неба) Асмандан Түшкөн Китеп. 22-6. 2М. 6-1...3; 15-3.
  • 4 Же баягы: Ибраим (Авраам)(Ошондой эле 75 еврей менен Синай тоосунда да... 2М. 24-1... 11.) аксакалдын үйүнөн чак түштө тамак жеген, анан аны менен кошо барып, Содом шаарын алыстан бирге карап турган, Жакып пайгамбар (Яков)(1М. 18-1...33; 32-24... 32; ) менен күрөшкөн, күн түш болгондо Бейиштин багын аралап баратып, - АНДАН дарактын артына(1М. 3-8, 9.) жашынып калышкан Адам Ата менен Ава Энени (Адам менен Ева) издеп чакырган, сиз менен биздей маңдай-тескей отуруп, адам менен адамдай, жүзмө-жүз, бетме-бет отуруп Муса (Моисей), Ваалам (2М. 33-11. 4М. 22-9, 18, 20; 23-3, 4, 16.) Мухаммед, Каин жана Авель (1М. 4-9... 14.) жана башка Ыйык Пайгамбарлар менен сүйлөшкөн. Еврейлердин лагерине, алар чычкан покторун жерге жашырып, көөмп коюшпагандыктан, жийиркенип келбей койгон (5М. 23-12... 14.), Саулду (1 САМ (Цар) 13-14; 15-11, 35.) падыша кылып бир чоң жаңылган, же болбосо эки элди: мусулмандар менен абисиндерди (К.С. Асмандан Түшкөн Ккитеп, а грек тилинде: Апокалипсис. 19-11... 21; ИС. 19-23... 25.) Израилге бириктириш үчүн жана жер каймактагандан бери АГА душман Шайтан жана шайтаани христиандар менен салгылашуу үчүн еврейлердин Армагеддонуна (Улуу Салгылашуу) ӨЗҮНҮН боз атчан аскерлери менен өзү да боз ат минип келе турган, же дагы болбосо, баягы чамгарак жыгачка керип, колу-бутунан мык менен кадап, найза менен сайып өлтүрүшкөн (ЗАХ. 12-9... 14; 9-9; 11-12. Ис. 53-3, 4, 7. К.С. 1-18; 22-6, 16;) ОШОЛ экендигин анык билишкенден кийин, көрүшкөндөн кийин, Палестинадагы Израилдин бүт уруктары кара кийип аза тутуша, күтүшө турган, жана Мухаммед Пайгамбарга минтип кайрылган: «О! Мухаммед! МЕН (ЕГОВА) сенин КУДАЙЫҢМЫН. Сен МЕНИ өлгөн жана туулган күнүмдө (Еврей элинин эсеби боюнча 14-март.) гана көрөсүң. МЕН сенин элиңе (башкача айтканда: Ыйык бата тийген Ысмайылдын (Измаил) тукумдарына. 1М. 17-20; 16-10; 25-16; IКОР. 13-6) Ибраимдин (Авраам) эле законун бердим. Бир айырмасы, еврейлер бул законду ээрчишпесин үчүн ишембини жумага алмаштырдым». (Куран. 28-сүрөө).
  • 5 Иуда менен Вениаминдин уругу.
  • 6 Еврей калкынан башка калктардын баары Библияда ушинтип аталат.
  • 7 IКОР. 13-6.
  • 8 Рим. 15-6.

1| 2| 3| 4| 5| 6| 7