Башкы ›› Жарыя ›› бет 2
[2]

I.
Бөрүгө байланган козудай өлүмгө байланган
азыркы замандын кудайы Шайтандын достору берген
суроолорго Егованын достору берген жооптор. ЯК. 7-4; МАТ. 6-24.

1. Силердин диниңер ким?
- Биздин динибиз, бардык кыбыраган адам үчүн жаралган - Жалпы адамзат дини.

2. А бул динди силерге ким ачкан, ким берген?
- ТҮБӨЛҮКТӨН-ТҮБӨЛҮККӨ ӨЛБӨС ӨМҮРЛҮҮ ЕВРЕЙ ЕГОВА.

3. Ал муну силерге кантип ачты? ӨЗҮБҮ же бирөө аркылуубу?
- Муну билгендин мага да, сага да, баарыбызга пайдасы жок: себеп, ЕГОВАНЫН адамдарды бул динге тарта турган жолдору толуп атат.

4. А бул диндин максаты эмне?
- Бизди ЕГОВАНЫН балдары жана ӨЗҮ1) сыңары өлбөсөмүрлүү кылыш.

5. Демекчи, анда христиандар же бөлөк-салак, бири-бири менен иттей тытышкан диндердеги адамдар өлбөсөмүр алышпайт турбайбы?
- Ооба, алышпайт, Шайтандын өлүмү менен өлүшөт, мындай демекчи, тиричиликтен түбөлүккө жок болушат, себеп дегенде, ар кандай бөлөк-салак, же бири-бири менен иттей тытышып, жүнүн жешкен диндер (же жалпыадамзаттык эмес) Шайтандын ичинен ойлоп чыгарганы, ЕГОВАНЫКЫ2) эмес, ошондуктан ЕГОВА минтип айтып жатпайбы: «Адамзаттын башына түн түштү, же дүйнөнүн падышалары, элдер жана журттар өлө адашты»3), б.а.

Дүйнөдөгү бири-бири менен иттей тытышып, жүнүн жешкен кырды-бычак диндер; мейли, 666га бөлүнгөн христан дини, 10го бөлүнгөн Иудей дини болсун же мейли, 6га бөлүнгөн бир кудайлуу мусулман дини, 333кө бөлүнгөн миң кудайлуу будда дини болсун, баарын Шайтан ичинен ойлоп чыгарган, ЕГОВА эмес.

6. Эми бул мага беш колумдай белгилүү болду, таналгыс чындык экендигине көзүм жетти. Акылым жетти. Бул Жалпы адамзат жана Жаныбар тирик динге кириш үчүн эмне кылышым керек?
-Адегенде улуу ыклас, улуу сураныч менен кадимки, Чамгарак Жыгачка Матап, мыкка кадап өлтүрүшкөн, ЕГОВАНЫН же ИСУС ХРИСТОСТУН4) бутуна күн сайын жыгылыңыз. Андан кийин гана ЕГОВАНЫН азыркы Бүткүлдүйнөлүк Элчисинин Жакшы Кабарын жалынып-сыйынып окуп чыгыңыз.

7. А бул Жараткандын Жакшы Кабарынын аты эмне?
-Аты мындайча: «Бүт адамдарды Жалпы адамзат дини менен Өлбөс өмүргө үндөө», а муну окуп чыккандан кийин азыркы учурда ЕГОВАНЫН бул керемет Элчиси аркылуу айткан сөздөрүнө сөзсүз ишенесиз: себеп дегенде, адамдардагы бүт жаңылыштык ушундан чыгып атат, баары шайтандар ишенгендей эле Ыйык Пайгамбарлардын Кудайына Жалпысынан, үстүртөн ишенишет, а бирок жеке ӨЗҮНӨ5) ишенишпейт, жана түшүнүшпөйт, ким, Кудайдын Элчисин укпаса, ал дегениң, ошону жиберген Кудайдын өзүн да укпайт6).
8. А мен, бул Жакшы Кабарчы ЕГОВАНЫН Элчисиби же Шайтандыкыбы, кантип билем?
-ЕГОВАНЫН бул сөздөрүнөн улам: «Чыгыштан7)чыгат, Түндүктөн8) ойготом. Ал бардык элдерге МЕНИН АТЫМДЫ9) жана жалпы адамзат үчүн Акыйкатты (же динди)10) жарыя кылат; бирок, ушундайча жарыя кылат11), анын эл алдында чыгып сүйлөгөнүн, ал турсун, бутуну алддында сынган чырпыктын тырс дегенин эч ким укпайт12). Мен ушул азамат эрди, атуулду гейдеңдерге Жарык нур13) кылдым, иудей элин акылга сала турган чуу кылдым14). Ис. 41-25; 42-6...1; 46-11.

Сизге АНЫН ушул китебинен ачык-айкын түшүнүктүү болот, ЕГОВАНЫН бул пайгамбар элчи туурасында алдын-ала айтканы айткандай, дегени дегендей келди: б.а. ал Өлбөсөмүр жана Жалпыадамзат динине үндөгөн ЖАРАТКАНДЫН бул үндөөсүн бүткүл дүйнөнүн падышаларына, элдерине, журттарына оозеки эмес, жазуу жүзүндө жарыя кылды. Ал эми ЖАРАТКАНДЫН жалпыадамзат дини жөнүндө алдын-ала айтканын сиз ЕГОВАНЫН төмөнкү сөздөрүнөн улам ачык-айкын билесиз: «МЕНИН АТЫМ Күн Чыгыш менен Күн Батышка тарайт, даңкталат жана эл-элде, жер-жерде МЕНИН АТЫМА сыйынышып-жыгылышып, кансыз (таза) сүрөө-түлөө өткөрүшөт: себеп дегенде, МЕНИН АТЫМДЫ Nameoftheprophet гейдендер да даңктаганга-барктаганга мажбур болушат жана Жаңы Сион Тоосундагы миң жылдык МЕНИН ҮЙҮМ (храм) бүт элдердин сыйынган-жыгылган үйү (храмы) болот». МАЛ. 1-11; К.С. 15-4; ИС. 56-7; 2-2...6; МАР. 11-17; К.С. 11-1, 2; Iез. 40...48-гл.


  • 1 К.С. (К.С. деген АСМАНДАН ТҮШКӨН КИТЕП (КНИГА С НЕБА), ЖЕ ГРЕК тилинде АПОКАЛИПСИС) 21-7; 3-21; 2-10; 20-4, 6; 14-1...4; 7-9, 13...15; 5М. 32-39; IОАН. 8-51; 17-24; IКОР. 15-29, 32; 2КОР. 1-9; ЛУК. 20-37; ПС. 67 (68)-21; ПРЕМ. 1-18; 15-13;
  • 2 ПРЕМ. 2-23, 24; К.С. 20-15; 6-8; 3-1, 2; МАТ. 8-22; IТИМ. 5-6;
  • 3 ИС. 60-2; К.С. 17-2; 16-10; 18-3, 24; 19-2; 13-8; IIТИМ. 3-1...5;
  • 4 ИСУС ХРИСТОС деген ысым менен кадимки ЕГОВАНЫН ӨЗҮН чамгарак жыгачка матап, мык менен кадап өлтүрүшкөн. СМ. ПОСЛАНИЕ ЗАХ. 12-9...14; 9-9; 11-12; ИС. 53; 4-7; К.С. 22-6, 16; 1-18; 3-21;
  • 5 Мисалы: «Баракелде, Асмандан Түшкөн Китепте эмне жазылса, ошону аткарган адам өлбөйт» деп КУДАЙ айтат, а адамдар АГА ишенбей минтип айтышат: «Жок, мындай эмес, паланча-түкүнчө диндин эрежесин сактаган, аткарган адам өлбөйт, өнөт». Баары Кудай дешет, а атын билишпейт, таанышпайт.
  • 6 ЛУК. 10-16; МАТ. 10-40; IОАН. 13-20; IЕР. 26-5; 47-25, 26; 5М. 18-18, 19;
  • 7 Уралдан, (Орол тоосу), Баранчи кыштагынан же Екатеринбург шаарынан.
  • 8 А тагыраак айтканда, Соловецк аралынан.
  • 9 Nameofgod (ЕГОВА) 2М. 6-1...3; 15-3, 14; ОС. 12-5, 6;
  • 10 Же болбосо, жалпы адамзатка ылайык Кудай жана философия илими.
  • 11 Керемет.
  • 12 б.а. храмдагы (мечиттеги) столдорду кыйратпай жана храмды базарга айландырган кызыккулактарды таяк менен сабап кубалабайт.
  • 13 Еврей эмес элдерге.
  • 14 б.а. Израилдин дүйнөгө тинтиген-тентиген эки уругуна: себеп, 10 уругу Христос туугандан 700 мурун Салманасар падыша аларды туткунга түшүргөндө эле акыл-эсине келишкен. Ошондо ЕГОВА аларды өзүнө АРСАРЕТКЕ алып кеткен жана Өлбөсөмүрлүү падыша Мельхиседекке ошол жерде Шайтандан сактап, кайтарып турушту буюрган.

1| 2| 3| 4| 5| 6| 7