Башкы ›› Жарыя ›› бет 5
[5]

VIII.
ЕГОВАНЫН жалпыадамзат же жаңыосуят - Израиль дининин тамгасы (символу)

Биздин планетада (жер шарында) тең ата эки Адам-Кудай бар:
ЕГОВА1) жана Шайтан (Сатана)2). ЕГОВА Өлбөсөмүрлүү адамдардын гана кудайы3), а Шайтан - өлүмдүн кудайы. Экөө бири-бирине келишпес душман. 600 жылдын ичинде4) ЕГОВА Шайтанды жеңет, Жер шарына тополоң кылган көр аңгини кишендейт да, терең орого салат5). (В А...iи).

Анан бүткүл элдер жана улуттар үчүн; Ерусалим республикасынын бүткүл дүйнөлүк башкаруусу астында, 1000 жылга6) эркиндик, тынчтык жана бейкутчулуктун заманын орнотот, 1000 жылдан кийин ЕГОВА Шайтанды таптакыр үйүрү менен жок кылат (адамдары менен), азыркыдан миллион эсе чоң, кенен, океан жана деңиздери жок, жаңы Жер жасайт да, өЗҮНҮН өлбөсөмүрлүү адамдары менен 280000 жылга жашай баштайт. Ал андан кийин дагы тиричиликке алда канча ыңгайлуу жаңы Жер жасайт... Ал уламдан-улам Жерди акыл жеткис керемет кылып жаңылап, жасалгалап, жакшыртып жүрүп отурат жана өлбөсөмүрлүү адамдары менен түбөлүккө жашай беришет. К.С. 21-3.

Асманда жашаган адамдардын (б.а. башка планеталарда жашаган адамдар) колу менен жасалган Ерусалим шаары, асмандан жакшырган-жаңырган Жерге түшүрүлөт, баалуу таштар менен кыздай жасалгаланган, а көчөлөрү болсо, күзгүдөй аппачык алтын менен жабылган, узуну, туурасы, жана бийиктиги 2000 (версть) улуу таш (яшма) дубал менен курчалган, бетинде Израилдин 12 уругунун7) аттары, а маңдайында 12 пайгамбардын (апостолдордун8)) аттары жазылган, чылк берметтен 12 дарбазасы бар, шаардын эң ортосунда ЕГОВАНЫН сарайы бар, а храм деген жана эч курманайт (жертвоприношение) деген болбойт. Сарайдын (дворец) астында дайра агып чыгат, бардык көчөлөр менен агат, жээктеринде болсо бир айда бир жолу мөмө берген керемет дарактар өсөт, бул дарактардын мөмөсүн жеген адамдар эч качан карыбайт да, өлбөйт да, кайра түбөлүsккө түгөбөгөн өлбөсөмүр сүрүшөт, эркектер дайыма 34 жашта, аялдар дайыма 16 жашта болушат.

Ерусалимден тышкары 24 падыша башка эл9) жашайт. Өлүмдөн куткарылган болушса да бул шаардын тышында жашаган элдердин арасында, өлүм болбогону менен, дагы оору болуп турат. Оорудан айыгыш үчүн алар шаарда жашагандардан баягы кереметтүү дарактардын жалбырактарын сурап жешет. «Элдерге жарык, иудейлерге (еврейлерге) тарык» деген китептеги мен айткан Гимнде бул шаар жөнүндө кеңири жазылган жана К.С. (Асмандан Түшкөн Китептин) 21 жана 22главаларында.


  • 1 5М. 10-17; К.С. 22-6, 16; 1-13...18; 3-12, 21; ДАН. 7-13, 14;
  • 2 2КОР, 4-4; ЛУК. 4-6, 7; ПРЕМ. 2-23, 24; К.С. 12-9; 13-2...8; 2-13;IПАР. 21-1;
  • 3 К.С. 1-18; 3-12, 21; 5М. 32-39; ПС. 67(68)-21; ПРЕМ. 1-13; 16-13; ЛУК. 20-36...38
  • 4 Еврейлердин жыл эсеби боюнча.
  • 5 К.С. 20.
  • 6 1000 жыл бейпил тынчтыкта жана бир динде болгондон кийин Шайтан дагы 111 жылга баягы тири укмуш коркунучтуу электр пушкалары жана эшекке да тил киргизген жакшы-бакшы, керемет поптору, пасторлору жана молдолору бар бешкошкон ар түрдүү чыныгы диндерди ичинен ойлоп чыгарат.
  • 7 Бирок, Дан уругунун ордуна - Манасия.
  • 8 Езавелдики боюнча 13 пайгамбар (Апостоль). Деян. 1-25, 26; РИМ. 1-1.
  • 9 МАТ. 25-33...46.

1| 2| 3| 4| 5| 6| 7