Башкы ›› Өлө жакшы кабар ›› бет 2
[2]

III.

ИУДЕЙ МЕНЕН ХРИСТИАНИН:
-А ЕГОВА буга эмне дейт?
БҮТКҮЛДҮЙНӨГӨ ЖАРЫК (НУР):
-Мындай дейт: «Эми Мен баарын жаңы жасайм, тагыраак айтканда: Иудейлер менен Христиандарды МЕНИН1) жеткен карамүртөз душмандарым катары, жер менен жексен кылам (каргыш кылам)2), жана алардын ордуна өзүмө жаңы адамдарды (новых рабов) чогултам жана аларга жаңы ат коем; Еговисттер деп атайм, Шайтанды болсо терең орого (зынданга) салып, чынжырлап, чынжырга чычырам3), а МАГА каршылык кылган шайтаанилерди (сатанистов) жана бүт жалгандын оту менен кирип, күлү менен чыккандарды (всех любящих и исполняющих лож)4) кызыл кереге кылам (чаап жок кылам)5), (истреблю страшными казнями), бул жер планетасына жаңы түр берем6) (жаңылайм), тынч, бейпил турмуш орнотом да ӨЗҮМДҮН жаңы кишилерим (момундарым, кулдарым) менен 1000 жылга падышачылык кылам. Асмандан Түшкөн Китеп: 20-4; 5-9, 10; жана ошондой эле «Өлбөс өмүргө чакырык-кыйкырык» деген китепчедеги: I-II-III бөлүмдөрүн оку, кара, тап.

IV.

ИУДЕЙ МЕНЕН ХРИСТИАНИН:
-Биз анда кандай динди кабыл алышыбыз керек азыркы тамамда, бул көзүнө көрүнүп калган (ажалы) дүйнөнүн азгырык-ызгырыктуу (катаал) сыноо жылында (мезгилинде) же б.а. бул бүткүл дүйнөлүк Шайтаани каргашалуу кара түндө (в это время всемирного мракобесия)? Асмандан Түшкөн Китеп: 3-10, 11; 2Тим. 3-1...13;
БҮТКҮЛДҮЙНӨГӨ ЖАРЫК (НУР):
-Ай, ай! Жер жүзүнүн бүт уруктары, кандай улуу (катуу) тундуңар, КУДАЙДЫН ушул ачык-айкын айткан сөздөрүнөн кийин да укканыңар жок, көргөнүңөр жок (көзүңөр көр, кулагыңар кер), азыр адамга эч кандай, (эч бир) диндин пайдасы жок (бесполезна)!
ИУДЕЙ МЕНЕН ХРИСТИАНИН:
-Анда адамга эмне пайдалуу?
БҮТКҮЛДҮЙНӨГӨ ЖАРЫК (НУР):
-Өлбөсөмүр (Бессмертие): эмне дегенде, мынабу айтайын десең сөз жетпеген, карайын десең көз жетпеген ааламдагы (в бесконечном пространстве), санайын десең сан жетпеген күндөр менен планеталар жана кометаларда да өлбөсөмүрдөн артык-асыл эч нерсе жок.
ИУДЕЙ МЕНЕН ХРИСТИАНИН:
-Туура, сөз жок! Анан биз канткенде өлбөс адам боло алабыз?
БҮТДҮЙНӨГӨ ЖАРЫК (НУР):
-Мына, «Бардык адамдарды өлбөсөмүргө чакырган чакырык-кыйкырык» деген КУДАЙДЫН Китепчесин окугула.
ИУДЕЙ МЕНЕН ХРИСТИАНИН:
Экөө чын жүрөктөн: «Рахмат сизге, Бүткүлдүйнөгө Кудайдын жиберген Жарыгы (Нуру), биздин көзүбүздү ачканыңызга!» дешип бутуна жыгылышты.
БҮТКҮЛДҮЙНӨГӨ ЖАРЫК (НУР):
-Адамзааты туугандар! Мунуңар жарашпайт, өөдө болгула! Көрбөй турасыңарбы, мен деле силердей бир пенде экендигимди?.. Өлбөсөмүргө жакындаганыңар үчүн Өлбөсөмүрдүн Кудайы ЕГОВАНЫН ӨЗҮНӨ же Исус Христоско рахмат айткыла, бутуна жыгылгыла, а мага эмес!


  • 1 Наум. 1-2;
  • 2 Ис. 65-15, 17; 62-2; Мат. 25-41; К.С. 21-8; 22-15; 3-16.
  • 3 (в А...iu) Асмандан Түшкөн Китеп 20-2,3;
  • 4 Асмандан Түшкөн Китеп 22-15; 21-8; 2-9; 3-9;
  • 5 Ошондой эле асмандан отжамгыр түшөт. Иез. 39-6. Асмандан Түшкөн Китеп. 18-8; 17-16; 11-18; 2-22, 23; 19-20,21; 16-9...11; 14-10.
  • 6 Жер титирөөнүн жардамы менен Америка океанга чөгөт (гүмжам болот); жана...

1| 2| 3